Күрөш боюнча рейтингдик мелдеште кыргызстандык эки спортчу коло байгеге ээ болду
Күрөш боюнча рейтингдик мелдеште кыргызстандык эки спортчу коло байгеге ээ болду. Бишкек шаарында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Дастан Кадыров 63 килограмм салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган. Алгач өзбекстандык балбандан жеңилген. Ал эми чечүүчү беттеште кыргызстандык Баяман Каримовду жеңип, коло байгенин ээси болду.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="184374,184375"]
Ошондой эле Бексултан Махмудов да коло байгеге ээ болду. Спортчу 97 килограмм салмак категориясында беттешип, 1/4 финалдан баштаган. Алгач кытайлык балбанга 1:1 эсебинде жеңилген. Ал эми жубатуучу беттеште кытайлык балбанды, коло байге үчүн беттеште казакстандык балбанды жеңип, 3-орунду ээледи.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="184376,184377"]