SerepTV Logo

Күрөш боюнча рейтингдик мелдеш: Айпери Медет кызы алтын жеңди

Күрөш боюнча рейтингдик мелдеш: Айпери Медет кызы алтын жеңди
Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкек шаарында өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдештин алтын медалын жеңди. Спортчу 76 килограмм салмак категорияда беттешип, украиналык балбанды 10:6 эсебинде, кытайлык балбанды 6:3 эсебинде жеңди. Финалда кытайлык балбан менен күч сынашып, андан күчтүүлүгүн көрсөтүп, 5:3 эсебинде жеңип алды.
edita