SerepTV Logo

Күрөш боюнча Азия чемпионаты (U23): Орозобек Токтомамбетов алтын медаль жеңди

Күрөш боюнча Азия чемпионаты (U23): Орозобек Токтомамбетов алтын медаль жеңди
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 70 килограмм салмак даражасында алтын медалга медалга ээ болду. Спортчу 1/4 финалда тайбэйлик балбанды 10:0 эсебинде жеңген. Жарым финалда индиялык балбанды 12:1 менен жеңип, финалга жолдомо алды. Финалдык беттеште тажикстандык балбан Мустафо Ахмедовду жеңип, 1-орунду ээледи.
23 жашка чейинкилер жана 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионаты (U-17, U-23) "Бишкек-Арена" муз аянтчасында 10-июнда башталган жана 18-июнда жыйынтыкталат. Орозобек Токтомамбетов 70 килограммдык ченде кыл чайнашкан беттеште Сырбаз Талгатты 3:2 эсебинде тизе бүктүрүп, чемпион болгон болчу.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="186549,186548,186550"]
info