SerepTV Logo

"Кыргызстандын тарыхындагы биринчи байгелүү орун". Садыр Жапаров Мунарбек Сейитбек уулун куттуктады

"Кыргызстандын тарыхындагы биринчи байгелүү орун". Садыр Жапаров Мунарбек Сейитбек уулун куттуктады

"Бул жолу Мунарбек Сейитбек уулун кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан коло медаль жеңип алышы менен куттуктайм!" деп жазды өлкө башчы Садыр Жапаров. 

"Бул Кыргызстандын жаңы тарыхында бокс боюнча Дүйнө чемпиондугундагы биринчи байгелүү орун. Мушкерибиз көпчүлүккө Союз маалында атагы алыска кеткен кыргыз бокс мектебинин кайра жандануусунан кабар бергендей таасир калтырды десем жаңылышпайм. Спортто өйдө-ылдый болуп турат. Коло болсо да бул кыргыз спорту, айрыкча жаш спортчулар үчүн чоң дем шыкак болуп берсе, жалпы спорт ышкыбоздору үчүн чоң сыймык. Мушкерибизге чың ден соолук жана алдыдагы мелдештерине спорттук ийгилик каалайм",- деп жазды өлкө башчы.

Мушкер Кыргызстандын тарыхында бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда биринчи медаль – коло медалды жеңип алды. Бокс боюнча XXII дүйнө чемпионаты 30-апрелден 14-майга чейин Ташкентте (Өзбекстан) өткөн. Чемпионатка дүйнөнүн 107 өлкөсүнөн 538 спортчу катышты.

edita