Кыргызстандын самбо боюнча курамасы Дүйнө кубогунда 13 медаль жеңди
Кыргызстандын самбо боюнча Улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ысык-Көлдө өткөн Дүйнө кубогунда 13 медаль (2 күмүш, 11 коло) жеңишти.
- Күмүш медаль ээлери:
- Саяк Бараканов
- Адилет Кубаныч уулу
- Спорттук самбо боюнча эркектер арасында коло медаль ээлери:
- Байэл Жакшылыков
- Жамалбек Асылбек уулу
- Фарух Мамажанов
- Шахрер Идирисов
- Бекболот Токтогонов
- Эркектер арасында күжүрмөн самбо боюнча коло медаль ээлери:
- Курманбек Замирбек уулу
- Шерзат Кудайбердиев
Мындан сырткары, кыз-келиндер арасында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Акак Үсөн кызы 3-орунду ээледи. Ал эми спорттук самбо боюнча Канышай Аманкулова коло медалга ээ болду.
Мелдештер 15-16-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы Газпром спорт комплексинде өтүп, 14 мамлекеттен келген 250дөн ашык спортчу катышты.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="250003,250004,250005,250006"]