Кыргызстандын курамасынын Азия кубогунда мүмкүн болгон атаандаштары аныкталды
2023-жылы өтө турган Азия Кубогунун финалдык раундуна катышууга мүмкүн болгон бардык катышуучулар аныкталды.
Кечээ, 14-июнда турнирдин тандоо турунун үчүнчү этабынын финалдык оюндары болуп өттү. Кыргызстандын курама командасы беттештерин өткөрүп, тайпада 2-орунду ээлеп, турнирдин финалдык бөлүгүнө чыкты.
Азия Кубогу 2023-жылы жайында Кытайда өтүшү керек болчу, бирок коронавирустун пандемиясынан улам кийинкиге жылдырылды.
2023-жылкы Азия кубогуна жолдомо алган командалар:
- Япония - Сирия - Катар - Түштүк Корея - Австралия - Иран - Сауд Арабия - Араб Эмираттары - Кытай - Ирак - Оман - Вьетнам - Ливан - Палестина - Өзбекстан - Таиланд - Гонконг - Индия - Тажикстан - Кыргызстан - Бахрейн - Иордания - Малайзия - Индонезия