SerepTV Logo

Кыргызстандын жаштар курамасы Борбор Азиянын чемпионатынын күмүш медалдарына ээ болду

Кыргызстандын жаштар курамасы Борбор Азиянын чемпионатынын күмүш медалдарына ээ болду
12-июль күнү Борбордук Азиянын футбол ассоциациянын жаштар чемпионатынын финалы орун алып, анда Кыргызстандын жана Ирандын курамалары кез келди.
Аталган эл аралык мелдеш Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда орун алып, Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары катышуусунда өттү. Финалдык беттеш 0-3 эсебинде атаандаштардын пайдасына аяктап, Кыргызстандын курамасы турнирдин күмүш медалдарына ээ болушту.
? Турнирдин жыйынтыгы:
1-орун – Иран
2-орун – Кыргызстан
3-орун – Өзбекстан
4-орун – Тажикстан
5-орун – Афганистан
6-орун – Түркмөнстан
Финалдык беттештен масштабдуу жабылуу аземи орун алды. Кубок өз ээлерине Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевдин колунан тапшырылды. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="245851,245850,245853,245848,245849,245852"]
info