Кыргызстандык паралимпиадачылардын мелдешке качан чыгат?
Кыргызстандык спортчулардын Паралимпиада оюндарында мелдештерге чыга турчу жадыбалы.
Париж шаарында (Франция) өтүп жаткан XVII Жайкы Паралимпиада оюндарында төрт спортчу өлкө намысын коргойт. Алар: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг).
Кыргызстандык спортчулардын мелдештерге чыга турчу жадыбалы:
- 1-сентябрь, саат 14:10; Пара жеңил атлетика (1500 м) - Гүлназ Жүзбаева.
- 2-сентябрь, саат 14:10; Пара триатлон - Айтунук Жоомарт кызы.
- 6-сентябрь, саат 14:10, Пара дзюдо - Маматибраим Суранов (73 кг).
- 8-сентябрь, саат 14.35; Пара пауэрлифтинг - Миргүл Болоталиева (86 кг).