SerepTV Logo

Кыргызстандык мушкер ири мушкерлер уюму менен келишим түздү

Кыргызстандык мушкер ири мушкерлер уюму менен келишим түздү
Эрежесиз эр уруш боюнча мушкер Немат Абдрашитов BRAVE Combat Federation уюму менен 4 беттешке келишим түздү. Бул тууралуу спортчу өзүнүн инстаграм баракчасына жазды. Азырынча беттештер качан болору, кимге каршы чыгары белгисиз. BRAVE Combat Federation уюмунун 11-мартта Бахрейнде өткөн Asian Domination мелдешинде Немат Абдрашитов өзүнүн дебюттук беттешин өткөрүп, анда орусиялык Анзор Абдулхожаев менен кез келип, каршылашын нокаут менен жеңип алган. BRAVE Combat Federation - Жакынкы Чыгыштагы ири мушкерлер уюмунун бири. Уюм 2017-жылы шейх Халид бин Хамад Аль Халифа тарабынан түзүлгөн.
Unknown Author