Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченконун "UFCде" рейтинги көтөрүлдү
Кыргызстандык мушкер айым Антонина Шевченко (каймана аты Пантера) "UFCнин" рейтингинде бир позицияга көтөрүлүп, жеңил салмак категориясы боюнча 12-орунга чыкты. Мындай көрсөткүчтү уюмдун сайты жарыялады.
Эске салсак, спортчу 2020-жылдын ноябрь айындагы "UFC 255" турниринде алдын ала Ариан Липскийди жеңип, биринчи жеңишке жеткен. Ал эми анын кийинки беттеши америкалык Андреа Ли менен май айына пландалган.
"UFC" – таймаштын аралаш түрлөрү боюнча спорттук уюм.