SerepTV Logo

Кыргызстандык жаачылар эл аралык мелдешке катышышат

Кыргызстандык жаачылар эл аралык мелдешке катышышат
Өлкөнүн жаа атуу боюнча курама командасы эл аралык "Alpomish va Barchinoy" мелдешине катышканы жатышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кыргызстандык жаачылар  аталган эл аралык мелдешке 22-27-февралда Ташкент шаарына барышат. Ошондой эле мелдешке жаа атуу боюнча курама командадан  Асел Шарбекова, Улукбек Курсаналиев, Айтурган Маматкулова, Жибек Канатбек кызы, Азим Осмоналиев жана Диана Канатбек кызы барышат.
Unknown Author