SerepTV Logo

Кыргызстандык дагы бир спортчу Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыргызстандык дагы бир спортчу Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, кыргызстандык спортчу ок атуу боюнча бардык эл аралык оффлайн жана онлайн мелдештер аяктагандан кийин жолдомо алганы маалым болгон. Каныкей 2020-жылдагы Кыргызстан Кубогунун ээси, 2021-жылдагы Кыргызстан Кубогунун лидери. Бул лицензия Кыргызстан үчүн 14-лицензия болду.

[gallery link="file" columns="1" size="full" ids="58049,58048,58050"]
edita