Кыргызстандык Абдылдабек Кекенов джиу-джитсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль багындырды
Кыргызстандык спортчу Абдылдабек Кекенов джиу-джитсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль багындырды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги өзү менен байланышканда маалым болду.
Маалыматка караганда, турнир Лос-Анжелесте 7-декабрдан 11-декабрга чейин болгон. "73 килограмм салмакта беттештим. Бул салмак категорияда 6 беттеш өткөрдүм, 58 адам катышты. Турнирге жалпы 5 миңдей спортчу катышты", - деди ал.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="153173,153174,153175"]