SerepTV Logo

Кыргызстандагы жаңы рекорд: Мусулман Жоломанов Түркиядагы мелдеште 3-орунду багындырды

Кыргызстандагы жаңы рекорд: Мусулман Жоломанов Түркиядагы мелдеште 3-орунду багындырды
Кыргызстандык спортчу Мусулман Жоломанов 1500 метрге чуркоодо жаңы рекорд жаратты. Кыргызстандын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жоломанов 5-6-февраль күндөрү Түркияда өткөн эл аралык мелдешке катышкан. Ал бул аралыкты 3 мүнөт 49 секундда чуркап өтүп, 3-орунга ээ болуп, коло медаль тагынды. Бул жыйынтык жабык имарат ичиндеги аралыкта чуркоо боюнча Кыргызстандын эркектер арасындагы жаңы рекорду болуп саналат.
edita