SerepTV Logo

Кыргызстан менен Омандын беттеши. 1-таймда эсеп сандар ачылган жок

Кыргызстан менен Омандын беттеши. 1-таймда эсеп сандар ачылган жок
Бүгүн, 21-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Омандын курамаларынын футболдук беттеши өтүп жатат. 1-таймда эки курама тең эсеп санын ача алышкан жок. Азырынча эсеп 0:0 боюнча. Ал эми күйөрмандар ордунан тура калып колдоп жатышат. Бүгүнкү беттешке өлкө башчы Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев келди.