SerepTV Logo

Кыргыз кыз-келиндер курамасы CAFA мелдешинде коло медаль алды

Кыргыз кыз-келиндер курамасы CAFA мелдешинде коло медаль алды
Кыргызстандын U-15 кыз-келиндер курамасы кечээ күнү Дүйшөмбү (Тажикстан) шаарында жыйынтыкталган CAFA U-15 Women’s Championship эл аралык мелдешинин коло медалдарын жеңишти. Турнир алкагында курама үч беттеш өткөрдү. Аларда команда Иран (1-5), Өзбекстан (0-1) курамаларынан жеңилүү ызаасын тартып, Тажикстан курамасын 3-1 эсебинде жеңип, үч упай топтоду.
Мелдештин жыйынтыгы:
1-орун - Иран (9 упай)
2-орун - Өзбекстан (6 упай)
3-орун - Кыргызстан (3 упай)
4-орун - Тажикстан (0 упай) Индивидуалдык сыйлыктар:
✔Атайын сыйлык - Кыргызстан
✔«Fair play» сыйлыгы - Тажикстан
✔Мелдештин бомбардири - Мариям Халифар (Иран)
✔ Мелдештин мыкты оюнчусу - Ясна Жафарния (Иран) Бул турнирде кураманын башкы машыктыруучусу Наталия Гайворонскаяга Talent Caoch программасы боюнча Кыргызстанда иштеген испандык адис Дэниел Лимонес жардам берди.
info