SerepTV Logo

Кыргыз курама командасынын чабуулчусу Абай Бөкөлеевдин атасы каза болду

Кыргыз курама командасынын чабуулчусу Абай Бөкөлеевдин атасы каза болду
Кыргыз курама командасынын чабуулчусу Абай Бөкөлеев Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунан билдиришти. «Кечээ, 12-июнда курама команданын чабуулчусу Абай Бөкөлеевдин атасы көз жумду. Буга байланыштуу оюнчу биринчи рейс менен үйүнө учуп кетти. Биз орду толгус жоготуунун азап-кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», - деп жазылат билдирүүдө. Мьянма менен болгон беттеште Бөкөлеев талаага биринчи курамда кирип, улуттук курама команданын дебюттук голун киргизген.
edita