SerepTV Logo

"Эрежени сактабагандар стадиондон чыгарылат!". Кыргыз футбол союзу элге кайрылуу жасады

"Эрежени сактабагандар стадиондон чыгарылат!". Кыргыз футбол союзу элге кайрылуу жасады
Кыргыз футбол союзу бүгүнкү Кыргызстан-Тажикстан беттешинде күйөрмандарды эрежени сактап отурууга чакырат. "Өз үйүбүздө болуп жаткан оюнда улуттук курама команданы маданияттуу колдоп, команданын аракетин жүрүм-турумубуз менен текке кетирип албайлы!" - деп жазылат кайрылууда. Мыйзамга ылайык, күйөрмандарга төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
- Диндик, расалык, этникалык жана улуттук конфликтти козуткан, иш-чара катышуучуларын, күйөрмандарды мазактаган жазуу жана символдорду алып келүү;
- Бат тутанган, уулуу, жардыруучу заттар, пиротехникалык, учтуу жана кесүүчү нерселер, ок атуучу курал, чоң сумка, портфель, чемодан жана айнектен жасалган буюмдарды алып келүүгө;
- Стадионго мас абалда келүү, алкоголдук ичимдиктерди алып келүү, ичүү, спорттук комплексте тамеки чегүүгө;
- Оюнга катышуучуларга жана оюн талаасына ар кандай нерселерди ыргытуу;
- Оюн талаасына чыгуу, машыктыруучулар, калыстар, жана оюнчуларга ылайыкталган бөлмөлөргө кирүүгө;
- Тепкич, өтмөк, отургуч, люк, дубалдарга, тосмо жана тирөөчтөргө секирүүгө. "Күйөрмандар бул эрежелерге жоопкерчиликтүү мамиле кылып, түшүнүү менен кабыл аларына ишенебиз. Команданын жыйынтыгы сиздердин колдооңордон көз каранды. Эрежени сактабагандар стадиондон чыгарылат!" - деп жазылат кайрылууда.
info