SerepTV Logo

Көзү азиз жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева коло медаль тагынды

Көзү азиз жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева коло медаль тагынды
Кыргыз Республикасынын пара жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Гүлназ Жүзбаева Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Пара Азия оюндарында коло медалга ээ болду. Спортчу 1500 метр аралыкты коштоочусу Даниэл Жээнбеков менен 6 мүнөт 31,22 секунд убакытта чуркап өткөн. Пара Азия оюндарында Кыргызстандын курама командасы 4 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 1 коло) жеңди. Парадзюдо боюнча 48 килограммга чейинки салмакта Хайитхон Хусан кызы алтын медаль тагынса, пара жеңил атлетика боюнча Жалалидин Абдувалиев 2 күмүш медалга ээ болгон.
edita