SerepTV Logo

Көк бөрү: "Ынтымак" чемпион болду (видео)

Көк бөрү: "Ынтымак" чемпион болду (видео)
Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги «Аккула» ат майданында көк бөрү боюнча Жогорку лиганын финалында «Ынтымак» жана «Сары Өзөн» командаларынын ортосунда беттеш өттү. Биринчи бөлүктө эсеп сандар боюнча «Ынтымак» алдыда болду. 2 упайды тең Нуржан Мелисбек уулу командасына алып беди. Экинчи бөлүк эсеп 4:0 эсеп сандар менен аяктап, «Ынтымак» алдыга чыкты. 2-таймда 2 жолу улакты Өмүрбек Эсен уулу казанга салды. Ал эми чечүүчү 3-беттеште Нуржан Мелисбек уулу командасына дагы бир упай алып келди. Оюн 5:0 эсебинде "Ынтымактын" жеңиши менен аяктады. https://youtu.be/U4LwHHT5qEU
edita