Көк бөрү: Командасы 3-орунду алган улакчы Манас Ниязовдун эмоциясы (видео)
Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар арасындагы дүйнө чемпиондугунун жогорку лигасынын финалында Кыргызстандын «Ынтымак» жана Казакстандын «Астана» тайпалары беттешип, ал «Ынтымактын» жеңиши менен аяктады.
3-орун үчүн болгон беттеште Казакстандын «Түркстан» командасы менен Кыргызстандын «Достук» командасы беттешип, оюн «Достук» командасынын пайдасына 11:3 менен жыйынтыкталды. Тактап айтканда, "Достук" 3-орунду алды. Ал эми 2-орунду «Астана» алды.
Командасы 3-орунду алган улакчы Манас Ниязовдун эмоциясы.