Көк бөрү федерациясы: "Жаңы президентти мыйзамсыз шайлоо аракети болду"
Кечээ, 16-февралда "Достук" мейманканасында съезд өтүп, жаңы президентти мыйзамсыз шайлоо аракети болду. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.
"Аталган съездде азыркы таптагы федерациянын расмий башкармалыгынын 21 мүчөсүнүн ичинен 4 мүчөсү гана катышкан. Федерациянын уставынын негизинде өткөрүлгөн жыйын мыйзамсыз деп эсептеленет. Бул иш-аракеттер боюнча федерациянын президенти Талас Бегалиев кайрылуу жасады. Ошондой эле азыркы башкармалыктын кезексиз жыйыны өтүп, бул жыйындын жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин чыгарды", - деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 16-февралда жергиликтүү маалымат каражаттары Көк бөрү федерациясынын президенти алмашканын жазып чыгышкан. Анда президент болуп депутат Акылбек Түмөнбаев шайланганы да айтылган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram