Нооруз турнири: "Достук" "Ынтымакты" жеңди
Бишкекте көк бөрү оюну боюнча “Нооруз-2024” республикалык мелдешинин алкагында жогорку, биринчи жана ардагерлер лигасынын оюндары өтүп жатат. Кечээ, 17-мартта "Достук" командасы "Ынтымак" менен беттешип, жеңди.
"Достукту" "Ынтымаксыз" - "Ынтымакты" "Достуксуз" элестете албаган көк бөрү оюну. Бул спортто - бирде жеңилүү, бирде жеңиш болот экен. Кудайдын буйругу менен "Достукка" жеңиш насип этти. Эми алдыда чечүүчү оюндар орун алат. 19-март күнү Достук - Мурас жана Ынтымак - Сары-Өзөн командалары күч сынашат. Жеңгендер финалга, жеңилгендер жарым финалда беттешет. Ошондуктан, "Ынтымак" менен "Достук" кайрадан беттешип калуусу толук мүмкүн", - деп жазды "Достук" командасы.
Посмотреть эту публикацию в Instagram