Көк бөрү: "Достук" "Сары-Өзөндү" 9:3 эсебинде утуп алды
Бүгүн, 9-майда «Жеңиш кубогу-2023» республикалык мелдешине арналган улуттук спорттун түрлөрү боюнча таймаштар жыйынтыкталат.
Мелдеш Жалал-Абад облусунун «Телтору» ат майданында өтүүдө.
Көк бөрү боюнча мелдештин алкагында Жогорку лигада финалдык оюндар болуп өттү. «Сары-Өзөн» менен «Достуктун» улакчылары биринчиликти талашышты. Оюн 9:3 эсебинде "Достуктун" жеңиши менен аяктады.