Көк бөрү боюнча “Нооруз-2024” турнири башталды
Бишкектеги “Аккула” ат майданында көк бөрү оюну боюнча “Нооруз-2024” республикалык мелдеши старт алды. Оюндар төрт лигага бөлүнүп өтүүдө.
Алар:
- Жогорку лига (6 команда);
- Биринчи лига (12 команда);
- Экинчи лига (16 команда);
- Легендалар лигасы (6 команда).
Турнирдин алгачкы күнү экинчи лиганын оюндары менен башталды. Ал жакта 16 команда төрт тайпага бөлүнүп, оюн көрсөтүшүүдө. 15-марттан тарта Легендалар (ардагерлер) жана Биринчи лиганын оюндары башталат. Ал эми 16-марттан баштап Жогорку лига катарга кошулмакчы. Салтанаттуу ачылыш аземи 15-март, ал эми финалдык оюндар 21-март күнү өтөт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram