SerepTV Logo

Көк бөрү боюнча Жогорку лиганын оюндары башталды

Көк бөрү боюнча Жогорку лиганын оюндары башталды
Бүгүн Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда "Нооруз" турниринин алкагында көк бөрү боюнча Жогорку лиганын алгачкы оюндары болду. Анда Чүй облусунун “Сары-Өзөн” командасы менен Баткендин “Жаш күч” командасы кез келди. Жыйынтыгында чүйлүк команда 11:6 эсебинде жеңишке жетти. Ал эми экинчи тайпанын алгачкы беттешинде Оштун “Достук” командасы “Ала-Тоо” менен күч сынашты. Бул оюнда өлкөнүн мыкты көк бөрүчүсү Манас Ниязов ойногон "Ала-Тоо" командасы "Достукка" 2:7 эсеби менен жеңилип калды. Жогорку Лиганын оюндары эртең дагы уланмакчы. Анда баткендик "Жаш-Күч" менен Таластын "Ынтымак" командасы ойнойт. Экинчи оюнда "Ала-Тоо" Ысык-Көлдүн "Мурас" командасы менен кез келет. Белгилей кетсек, Жогорку Лиганын оюндарына 6 команда катышууда. Анда камондалар чүчү кулактын жыйынтыгы менен 2 топко бөлүнгөн: А группасы: Ынтымак; Сары-Өзөн; Жаш-Күч. В группасы: Достук; Мурас; Ала-Тоо.
Unknown Author