КМШ оюндары: Грек-рим күрөшү боюнча спортчулар 6 медаль жеңди
Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча команда Минск шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында 6 медаль (1 күмүш, 5 коло) жеңди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
55 килограмга чейинки салмак категориясында Улан Муратбек уулу күмүш медаль тагынды.
Коло медалдын ээлери:
- 60 килограмм Нурмухаммед Абдуллаев;
- 63 килограмм Баяман Каримов;
- 67 килограмм Самат Аманат уулу;
- 77 килограмм Ырысбек Максатбек уулу;
- 72 килограмм Адилхан Нурланбеков.