SerepTV Logo

Казакстандын көк пар боюнча курамасы Ысык-Көлгө келбей турганын билдирди

Казакстандын көк пар боюнча курамасы Ысык-Көлгө келбей турганын билдирди
Казакстандын көкпар боюнча курама командасы Ысык-Көлдө өтө турган “Биримдик” кубогуна келбейт. Бул тууралуу Informburo. kz басылмасына коңшу өлкөнүн Көк пар федерациясы билдирген. “Федерация Ысык-Көлдө өтө турган “Биримдик” кубогуна катыша албайт. Себеби бул датага башка маанилүү иш-чаралар пландалган. Учурда көк парчылар ошол оюндарга даярданып жатат”, — деп айтылат маалыматта. Кыргызстандын көк бөрү федерациясы Казакстандын көк пар жана көк бөрү боюнча курама командаларын Чолпон-Ата шаарында ушул жылдын 1-ноябрда өтө турган «Биримдик» кубогуна чакырган.
edita