Казакстанда өткөн ок атуу боюнча мелдеште улуттук курама 2 медаль женди
Кыргыз Республикасынын ок атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Шымкент шаарында өткөн “Алтын Мерген” эл аралык мелдешинде 2 медаль (1 күмүш, 1 коло) жеңди. Бул тууралуу спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 4-11-апрель күндөрү өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия жана Белорустан барган спортчулар катышты. Эркектер арасында Аскат Токмаков күмүш медаль тагынса, кыз-келиндер арасында Арууке Талантбекова үчүнчү орунду камсыз кылган. Мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 10 спортчу катышты.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="174473,174474,174475,174476"]