SerepTV Logo

Казакстан-Кыргызстан жылдыздарынын футболдук беттеши. 1:0 эсебинде мекендештер утулуп калды (фото)

Казакстан-Кыргызстан жылдыздарынын футболдук беттеши. 1:0 эсебинде мекендештер утулуп калды (фото)
Кыргызстан жана Казакстандын медиа өкүлдөрүнөн куралган «Top team KG» жана «One game» командаларынын ортосундагы футболдук матч мекендештерибиздин утулуусу менен аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Казакстан менен Кыргызстандын медиа өкүлдөрүнүн футбол талаасындагы беттеши Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда ачылды. Беттеш 2 тайм менен өтүп, Казакстандын курама командасы Кыргызстандын курама командасын 1:0 эсебинде жеңип алды. Оюн эки өлкөнүн достугун жана тилектештигин бекемдөө максатында уюштурулуп, дени сак жашоо образын жайылтуу жана жаштар арасында футбол оюнунун кеңири таратууну көздөдү.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="123962,123961,123960,123959,123958,123957"]
info