Катардын футбол боюнча улуттук курамасы Кыргызстанга келди
Бүгүн, 24-март күнү «Манас» эл аралык аэропортунда футбол боюнча Катардын улуттук курамасын Кыргыз футбол биримдигинин өкүлдөрү тосуп алышты.
Азиянын учурдагы чемпиону - Катар курамасы Бишкекке 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында өтө турган Кыргызстан-Катар беттешине катышуу үчүн келишти. Кыргыз футбол биримдигинин вице-президенти Дастанбек Конокбаев жетектеген КФБнын делегациясы Катар курамасынын оюнчуларына жана машыктыруучу штабынын өкүлдөрүнө ак калпак кийгизип, белектерди тапшырып, сыйлуу тосуп алышты.
Келе жаткан оюн 25-март күнү саат 19:45те борбор калаанын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="278964,278965,278966,278967,278968,278969,278970,278971"]