SerepTV Logo

Кайсы спортчулар эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону болду?

Кайсы спортчулар эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону болду?
Эркин күрөш боюнча өлкө чемпионатынын биринчи күнү жыйынтыкталды. Турнир 8-январда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда старт алды. Биринчи күнү эркин күрөш боюнча 5 комплект медаль ойнотулду. Кыргызстандын чемпиондору Алмаз Сманбеков (57 кг чейин), Эрназар Акматалиев (65 кг чейин), Исламбек Орозбеков (74 кг чейин), Нуртилек Карыпбаев (86 кг чейин) жана Андрей Аронов (97 кг чейин) болду. Өлкө чемпиондугунун жеңүүчүлөрү апрель айында Бишкекте өтүүчү лицензиялык турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
edita