SerepTV Logo

Жолдошбек Көлбаев Дзюдо федерациясынын президенти кызматынан кетти

Жолдошбек Көлбаев Дзюдо федерациясынын президенти кызматынан кетти

Жолдошбек Көлбаев Кыргыз Республикасынын Дзюдо боюнча улуттук федерациясынын президенти кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.

"Дзюдо федерациясынын башкаруу комитети 6-мартта аталган федерациянын президенти Колбаев Жолдошбек Асанбековичтин өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын карап чыгып, суранычын канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.

Отставкага кетүү арызы 6-мартта кабыл алынган. Жолдошбек Көлбаев 2016-жылы декабрда дзюдо федерациясынын президенти болуп шайланып, 2020-жылдын декабрында бул кызматка кайра шайланган.