SerepTV Logo

Жоламан Шаршенбеков япониялык атаандашынан жеңилип калды

Жоламан Шаршенбеков япониялык атаандашынан жеңилип калды

Бүгүн, 5-август күнү жайкы Париж Олимпиадасында Жоламан Шаршенбеков беттешин баштап, 1/8 финалда казакстандын балбаны Айдос Султангали менен күч сынашып, аны 6:3 эсебинде жеңип алды.

Чейрек финалдык беттеште румыниялык балбан Разван Арнаут менен беттешип, аны мөөнөтүнөн эрте жеңип, жарым финалга чыкты.

Жарым финалда Япониянын балбаны Кеничиро Фумита менен күч сынашты. 4:3 эсеп саны менен Жоламан Шаршенбеков япониялык атаандашынан жеңилип калды. Эми анын коло медаль үчүн беттешке мүмкүнчүлүгү бар.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="248072,248070,248069,248071,248068"]  
edita