SerepTV Logo

Жоламан Шаршенбеков коло медаль үчүн ким менен күрөшөт?

Жоламан Шаршенбеков коло медаль үчүн ким менен күрөшөт?

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөштө Жоламан Шаршенбековдун атаандашы аныкталды.

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда.

1/8 финалда казакстандын балбаны Айдос Султангали менен күч сынашып, аны 6:3 эсебинде жеңип алган.

Чейрек финалдык беттеште румыниялык балбан Разван Арнаут менен беттешип, аны мөөнөтүнөн эрте жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда Япониянын балбаны Кеничиро Фумита менен күч сынашып, 4:3 эсеп саны менен Жоламан Шаршенбеков жеңилип калган.

Бүгүн, 6-августта Шаршенбеков коло медаль үчүн күрөшөт. Анын атаандашы ирандык Мехди Мохсеннежад болмокчу. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча 22:15те башталат.
edita