Жеңиш кубогу-2024: "Ынтымак" - чемпион болду
9-май улуу Жеңиш күнүнө карата "Жеңиш кубогу – 2024" көк бөрү оюндары Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү.
Жогорку Лиганын финалдык оюнунда Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасы менен Таластын "Ынтымак" командасы күч сынашты. Буга чейин тайпалык баскычта "Сары-Өзөн" командасы "Ийгилик" жана "Достук" командаларын артта калтырган. "Ынтымак" болсо "Мурас" менен "Намысты" утуп, финалга келген.
Биринчи тайм 1:1 менен аяктады. Салымдардын ээлери: Исхак Бекболот уулу жана Өмүрбек Эсен уулу. 2-таймда Өмүрбек Эсен уулу дубль жасап, эсеп "Ынтымактын" пайдасына 2:1 болду. 3-бөлүмдүн 1-мүнөтүндө "Сары Өзөн" дагы бир салым сала алды. Эсеп 2:2.
3-тайм "Ынтымак" үчүн ийгиликтүү болуп, Өмүрбек Эсен уулунун хет-триги жана Майрамбек Рыспековдун салымы команданы жеңишке жеткирди. Ошентип, "Ынтымак" командасы бул турнирдин чемпиону аталды.
Жогорку лигада «Достук» жана «Намыс» командалары 3-орун үчүн беттеш өткөрүп, жыйынтыгында «Достук» атаандашын буллиттер сериясында жеңип, коло медалга ээ болгон.