SerepTV Logo

Жеңиш кубогу-2024: Көк бөрү боюнча жогорку лигада "Достук" 3-орунду ээледи

Жеңиш кубогу-2024: Көк бөрү боюнча жогорку лигада "Достук" 3-орунду ээледи
9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарындагы (Ысык-Көл облусу) ат майданында улуттук оюндар өтүүдө.
Анын алкагында көк бөрү оюну боюнча жогорку лигада "Достук" жана "Намыс" командалары 3-орун үчүн беттеш өткөрүп, жыйынтыгында «Достук» атаандашын 5:5 (буллит 3:2) эсебинде жеңип, коло медалга ээ болушту. Ал эми жогорку лиганын финалдык оюндары бүгүн, 9-май күнү өтөт. Анда "Ынтымак" жана "Сары-Өзөн" командалары күч сынашат. Оюндар саат 17:30дө башталат.
info