SerepTV Logo

Жеңиш кубогу-2024: Көк бөрү боюнча финалисттер аныкталды

Жеңиш кубогу-2024: Көк бөрү боюнча финалисттер аныкталды
9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата улуттук ат оюндары боюнча Республикалык мелдеш Чолпон-Ата шаарынын (Ысык-Көл облусу) ат майданында өтүүдө. Анын алкагында бүгүн, 7-май күнү көк бөрү оюну боюнча жогорку, биринчи жана легендалар лигасынын жарым финалдык беттештери орун алды.
Финалга жогорку лигадан "Ынтымак" жана "Сары-Өзөн" командалары чыкса, биринчи лигадан "Талас" жана "Ысык-Ата" командалары чыкты. Ошондой эле, экинчи лигада "Казарман" жана "Толук" командалары финалга чыкса, легендалар лигасынан "Манас-Талас" жана "Талас" командалары күч сынашат.
Эртең, 8-майда боло турган оюндардын программасы:
Экинчи лига:
- 9:00 "Бүркүт" - "Бийиктик" (3-орун үчүн);
- 10:00 "Казарман" - "Толук" (финал);
Легендалар лигасы (40 жаш):
- 12:30 "Сары-Өзөн" - "Биримдик Ысык-Көл" (3-орун үчүн);
- 13:35 "Манас-Талас" - "Талас" (финал).
Биринчи лига:
- 14:40 "Кара-Кулжа" - "Алтын-Альянс" (3-орун үчүн);
Жогорку лига:
- 15:45 "Мурас" - "Ийгилик" (5-орун үчүн);
- 16:50 "Достук" - "Намыс" (3-орун үчүн). [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="240576,240577,240579,240573,240578,240574,240575"]
info