“Жеңиш кубогу-2023”: Көк бөрү боюнча мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине Ташиев катышты
Бүгүн, 3-май күнү Жалал-Абад облусундагы “Телтору” ат майданында өтүп жаткан “Жеңиш кубогу-2023” республикалык мелдешине арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Турнир милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевдин жаркын элесине жана 9-май Жеңиш күнүнө карата өткөрүлүүдө. Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Молдомуса Конгантиевдин агасы Камбаралы Конгантиев, Дене тарбия жана спорт департаментинин караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улан Эралиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев катышты.
Камчыбек Ташиев байгеге УКМКнын өздүк курамынын атынан бир миллион сом берип, Жалал-Абад ОИИБге автоунаа тапшырды.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="178142,178137,178133,178135,178139,178141,178140,178138,178127,178128,178129,178134,178136"]
Мелдешке бардык аймактардан келген 35 команда катышууда. Финалдык беттештер 8-9-май күндөрү өтөт.