SerepTV Logo

Жеңил атлетика боюнча спортчулар Олимпиадага лицензия алышты

Жеңил атлетика боюнча спортчулар Олимпиадага лицензия алышты
Жеңил атлетика боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Илья Тяпкин жана Сардана Трофимова Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо алышты. Бул тууралуу 12-май күнү World Athletics Дүйнөлүк жеңил атлетика федерациясынын сайтында жарыяланды.
Ушуну менен Кыргызстандын куржунунда 13 лицензия болду. Анын ичинде 10 спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча, сууда сүзүү боюнча - 1, жеңил атлетика боюнча - 2.
info