Жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн кимдер күч сынашат? Тизме
16-24-сентябрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) Дүйнө чемпиондугу өтөт. Анда 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча (эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грек-рим күрөшү) курама командасы күч сынашат.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, беттештер 10 салмак категориясында өтүп, жалпы 90 квота ойнотулат.
Дүйнө чемпиондугуна катышуучулардын тизмеси:
Эркин күрөш боюнча курама команда:
- 57 килограмм Алмаз Сманбеков;
- 61 килограмм Тайырбек Жумашев;
- 65 килограмм Икромжон Хаджимурадов;
- 70 килограмм Эрназар Акматалиев;
- 74 килограмм Арсалан Будажапов;
- 86 килограмм Нарбек Изабеков;
- 97 килограмм Каныбек Абдулхаиров.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда:
- 59 килограмм Кальмира Билимбек кызы;
- 62 килограмм Айсулуу Тыныбекова;
- 68 килограмм Мээрим Жуманазарова;
- 72 килограмм Нурзат Нуртаева;
- 76 килограмм Айпери Медет кызы.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команда:
- 60 килограмм Жоламан Шаршенбеков;
- 67 килограмм Амантур Исмаилов;
- 77 килограмм Акжол Махмудов;
- 87 килограмм Азат Салидинов;
- 97 килограмм Бексултан Махмудов.