SerepTV Logo

Испания кубогу 2021: "Барселона"-"Севилья" беттеши бүгүн түнү орун алат

Испания кубогу 2021: "Барселона"-"Севилья" беттеши бүгүн түнү орун алат
Футбол боюнча “Испания кубогу 2021” мелдешинин жарым финалдык оюндарынын жооптук беттештери бүгүн түнү башталат. Тактап айтканда, 4-мартта Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 2:00дө каталондук "Барселона" клубу өз үйүндө "Севилья" клубун кабыл алат. Жарым финалдык биринчи беттеште "Севилья" "Барселонаны" 2:0 эсебинде утуп алган. Оюн Барселона шаарындагы Камп Ноу стадионунда орун алат. Ал эми жарым финалда кез келе турчу дагы бир жуп "Леванте"-"Атлетик" клубдарынын ортосундагы оюн 5-март күнү саат 2:00дө болот.
Unknown Author