SerepTV Logo

Ислам шериктештик оюндарында Роман Петров Кыргызстанга жетинчи алтын медалды жеңди

Ислам шериктештик оюндарында Роман Петров Кыргызстанга жетинчи алтын медалды жеңди
Кыргызстандык спортчу Роман Петров Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештик оюндарында алтын медаль тагынды. Ал 15-августта фехтование боюнча мелдешке чыкты. Финалдык жолугушуусунда Петров Азербайжандын өкүлүн 15:11 эсебинде жеңип, оюндардын жеңүүчүсү болду. Бул медаль Кыргызстан үчүн 20-медаль болду – 7 алтын, 6 күмүш жана 7 коло.
edita