Ислам оюндары. Аброр Хакимов менен Камила Абдыл-Хамитова коло медаль жеңишти
Түркияда өтүп жаткан Ислам оюндарында кикбоксинг боюнча кыргызстандык спортчу Аброр Хакимов коло медаль тагынды.
Хакимов 1/8 финалда казакстандык Берик Калыковду жеңип, чейрек финалда түркмөнстандык Гочмурат Жуманиязовдон күчтүү болду. Жарым финалдык беттеште кыргызстандык Аслан Айдин менен беттешип, ага жеңилип калган. Жыйынтыктоочу протоколдо Хакимов 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.
Камила Абдыл-Хамитова фехтование боюнча Ислам оюндарында коло медаль тагынды. Ал квалификацияда өзбекстандык Шахзода Эгамбердиевага утулуп, коло үчүн күрөшкө чыкты.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="131977,131976"]