"Кол булгалап, чуркап". Иранга барган Криштиану Роналдуну миңдеген күйөрмандар тосуп алышты (видео)
Иранга учуп барган португалиялык футболчу Криштиану Роналдуну күйөрмандары чуркап, кол булгалап тосуп алган видеолор социалдык тармактарга тарады.
Криштиауну Роналду саудиялык "Аль-Наср" клубу менен бирге жергиликтүү "Персеполис" клубуна каршы беттешке учуп келген. Футболчунун күйөрмандары өзгөчө коштоо менен тосуп алышты. Миңдеген күйөрмандар "Аль-Наср" автобусунун артынан көпкө чуркашып, кээ бирлери спортчуну көрүү үчүн мейманканага чейин барышкан. Жергиликтүүлөр футболчуга салттуу перс килемин жана чексиз интернет байланыштагы сим-карталарын сыйга тартуулаган.
"Аль-Наср" клубу 19-сентябрда Тегерандын "Персеполис" командасы менен тайпалык этаптын биринчи турундагы беттешин өткөрөт.
[gallery link="file" columns="1" size="full" ids="202601,202602,202603"]