SerepTV Logo

Ийгилик! Бүгүн Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова беттешке чыгат

Ийгилик! Бүгүн Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова беттешке чыгат
Бүгүн, 5-август күнү жайкы Париж Олимпиадасынын алкагында грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер башталат. Мелдештин биринчи күнү грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт. Жоламан Шаршенбеков 1/8 финалда казакстандын балбаны Айдос Султангали менен күч сынашат. Ал эми кыз-келиндер арасында 68 килограмм чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова монголиялык Делгермаа Энсайхан менен беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.
edita