SerepTV Logo

Дүйнө чемпиондугу. Хорватия Бразилияны жеңип, жарым финалга чыкты

Дүйнө чемпиондугу. Хорватия Бразилияны жеңип, жарым финалга чыкты
Хорватиянын футбол боюнча курама командасы Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына чыкты. 1/4 финалдын биринчи оюнунда Хорватиянын курамасы турнирдин негизги фавориттери Бразилия курама командасы менен беттешти. Беттештин негизги убактысы 0:0 эсебинде аяктады. Биринчи кошумча таймдын аягында Неймар беттеште эсепти ачса, экинчи кошумча таймдын бүтөрүнө бир нече мүнөт калганда хорваттар эсепти теңеп, беттешти пенальтилер сериясына өткөрө алышты. Жалпысынан алганда, хорваттар 4:2 эсебинде жеңишке жетишти. Хорватия күтүүсүздөн Бразилиядан өтүп, жарым финалга чыгып, Голландия-Аргентина жубунун жеңүүчүсү менен ойнойт.
edita