Гүлнур Таштанбекова MUHAMET MALO-2026 рейтингдик турниринде коло медалга татыды
Албаниянын Тирана шаарында спорттук күрөш боюнча эл аралык MUHAMET MALO-2026 рейтингдик турнири уланууда. Аялдар күрөшүндө кыргызстандык балбан Гүлнур Таштанбекова коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Ал 65 кг чейинки салмак ченинде күч сынашты. Алгачкы беттешинде россиялык Алина Касабиевага утулганы менен, көңүл жубатуучулук айлампа аркылуу медаль үчүн күрөшүүнү улантууга мүмкүнчүлүк алды. Үчүнчү орун үчүн беттеште индиялык Апекша Патил менен кез келип, 3:3 эсебинде акыркы упай алгандыгынын негизинде жеңишти камсыздай алды.