Футзал: Кыргыз кыздары Тажикстанды 4:2 эсебинде жеңди (сүрөт)
Кечээ, 5-февралда Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) Борбордук Азия футбол ассоциациясынын чемпионаты - CAFA Women’s Futsal Championship 2024 турниринин экинчи айлампасы болуп, анын алкагында Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Тажикстан менен беттешти.
Беттеш 4:2 эсебинде кыргыз курамасынын жеңиши менен аяктады. Голдорду Ырысбек кызы Кенжебүбү (6' 10'), Мурзакулова Нурсулуу (8'), Рысбекова Медина (16') киргизди.
Биздин команда кезектеги беттешин 7-февралда Ирандын курама командасы менен өткөрөт.