SerepTV Logo

Футболчу Неймар менен сүйүктүүсү наристе күтүп жатканын ачыкташты

Футболчу Неймар менен сүйүктүүсү наристе күтүп жатканын ачыкташты

Бразилиялык футболчу Неймар жана анын сүйүктүүсү Бруна Бьянкарди тун наристесин күтүп жатышканын жарыялашты. 31 жаштагы футболчу жана 28 жаштагы сүйүктүүсү Инстаграм баракчаларында кубанычтуу кабарды бөлүштү. 

Неймардын Каролина Дантас менен 12 жаштагы Деви Лукка аттуу уулу бар. Неймар менен Бруна 2021-жылы сүйлөшө башташкан, бирок 2022-жылдын январында Инстаграмда расмий түрдө жарыялаганга чейин мамилесин жашырышкан. 

 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от BRUNA BIANCARDI (@brunabiancardi)

edita